Шайлоо-2021. БШК менен Facebook кызматташууну улантууга макулдашты
Борбордук шайлоо комиссиясында Борбордук Азияда Facebook'тун программаларын жүзөгө ашырууга жооптуу болгон өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы болуп өткөн шайлоолордо натыйжалуу кызматташуу көрсөткөндүгү үчүн Facebook'ка ыраазычылыгын билдирди. «Социалдык тармактар бүткүл дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да, шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүдө маанилүү роль ойноп келет. Алар баарлашуунун жана маалыматты таркатуунун маанилүү каражаттары болуп эсептелет. Андыктан биз Facebook тарабынан буга чейин жасалган кадамдардын канчалык маанилүү экендигин белгилеп кетмекчибиз. Ал шайлоо өнөктүгүнүн, партиялардын жана талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул ошондой эле, жалган саясий жарнамалардын жайылтылышы менен күрөшүү үчүн күчтүү негиз боло алат", - деди ал.
Facebook'тун мамлекеттик саясат боюнча директору Жорж Чен Кыргызстанда «Meta» катары белгилүү болгон «Facebook family Apps'тын» маанилүү ролун баса белгилеп кетти. "Биз Кыргыз өкмөтү менен жакшы мамиледе болгонубузга сыймыктанабыз. Өткөн жумада биз Глазгодо болуп өткөн COP 26 климаттык конференциясы учурунда биздин стендди келип көрүшкөн Кыргызстан президентин жана министрлер кабинетинин башчысынын орун басарларынын бирин кабыл алуу урматына ээ болдук. Президент Садыр Жапаров дүйнө менен алака түзүү жана Кыргызстандын имиджин көтөрүү үчүн социалдык медиа каражаттарын колдонуу зарылдыгы тууралуу белгилеп кетти. Биз Кыргызстан менен ар кыл өӊүттө, анын ичинде шайлоолорго байланыштуу да иш алып барабыз, Борбордук шайлоо комиссиясынын муктаждыктарына колдоо көрсөтүү үчүн биздин кызматташтыгыбыз улана бермекчи», - деди ал.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну улантууга даярдыгын билдиришти жана БШК күтүлүүчү парламенттик шайлоого катышуучу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча каттоого алынган бардык партиялардын жана талапкерлердин тизмесин Facebook'ка көрсөтө тургандыгы тууралуу келишим түзүштү, муну менен өз саясатынын алкагында инсанды документалдык тастыктоо аркылуу идентификациялоо жүрмөкчү, бул учурда белгилүү аккаунт алдында кандай адам катталгандыгы белгилүү болот.