Шаардык сотто депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасы каралууда
Бишкек шаардык сотунда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасы каралып жатат. Буга чейин соттук процесске эл өкүлдөрү алып келинбегени үчүн отурум бүгүнкү күнгө, 23-июнга жылдырылган.
Шаардык соттун имаратынын алдында депутаттардын тарапташтары жана жакындары алардын бошотулушун талап кылып митинг өткөрүп жатышат. Кечээ, 22-июнда бир катар депутаттар Зулпукаровдун баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууну шаардык соттон суранышып, кепилдик беришкен болчу. Алар Төрөбай Зулпукаровду камакка алуу мыйзамсыз экенин билдиришкен.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="58385,58382,58386,58384,58383"]
Жээнбеков менен Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга каммакка алган.