SerepTV Logo

Шаардык кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Жалпы 59 партия талапкер көрсөттү

Шаардык кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Жалпы 59 партия талапкер көрсөттү
Шаардык кеңештерге партиялардын шайлоого карата талапкерлерин көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, шаардык кеңештин шайлоосуна жалпы 59 партия катышат. Алар;
  • «Ата Журт Кыргызстан» — 21 шаардык кеңешке;
  • «Өнүгүү-Прогресс» — 17 шаардык кеңешке;
  • «Замандаш» — 16 шаардык кеңешке;
  • «Ыйман-Нуру» — 15 шаардык кеңешке;
  • «Ынтымак» — 14 шаардык кеңешке
  • «Социал-демократтар» — 13 шаардык кеңешке
  • «Республика» — 12 шаардык кеңешке;
  • «Эмгек» — 11 шаардык кеңешке;
  • «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт» — 10 шаардык кеңешке;
  • «Бирге-Вместе» — 6 шаардык кеңешке;
  • «Ишеним», «Кыргызстан», «Тынчтык» — 5 шаардык кеңешке;
  • «Бир Бол», «Жаңы-Доор», «Ата журт», «Кыргызстан элдик демократиялык партиясы», «Патриот ынтымагы» — 4 шаардык кеңешке;
  • «Аманат», «Мекен Ынтымагы», «Нур», «Улуттар Биримдигинин Элдик партиясы», «Ордо», «Табылга», «Чоң-Казат» — 3 шаардык кеңешке;
  • «Мурас», «Айкөл-Кыргызстан», «Асман Ала-Тоо», «Ата Мекен», «Бийлик элге», «Кыргызстан Жашылдар партиясы», «Кыргызстан Коммунисттер партиясы», «Реформа», «Кыргызстан социалисттик партиясы», «Улуу Кыргызстан» — 2 шаардык кеңешке талапкер көрсөткөн.
Ал эми бир гана шаардык кеңешке  «Улутман», «Акшумкар», «Калк Ынтымагы», «Энергетиктер», «Адилет», «Адилеттүү Кыргызстан», «Ак-Бата», «Ала-Тоо-Кыргыз жери», «Бүткүл Жаштар», «Калыс», «Кыргызстан жаштарынын прогрессивдүү партиясы», «Элдик партия», «Биздин эл», «Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын партиясы» , «Патриот», «Тандоо Эркиндиги», «Тилектештик», «Эл биримдиги», «Элдик-Народная», «Асыл Мурас-Жаштар», «Күчтүү Коом», «Столица», «Тазалык» партиялары катышары айтылды. Боршайкомдун айтымында мыйзам боюнча аймактык шайлоо комиссиялары «Түндүк» электрондук тутумун колдонуу менен документтер кабыл алынган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде,12-мартка чейин талапкерлердин тизмесин текшерет. Ошондой эле тизмени каттоо же андан баш тартуу боюнча чечимдерди аталган аралыкта билинет. Аны менен катар эгер шайлоо комиссиясы документтердеги дал келбестиктерди тапса, анда 24 сааттын ичинде саясий партияга кабарлоого милдеттүү. Саясий партия билдирүү алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 11-апрелде өтөт.
Unknown Author