SerepTV Logo

Сел, жер көчкү жүрүшү божомолдонгон аймактардын тизмеси жарыяланды

Сел, жер көчкү жүрүшү божомолдонгон аймактардын тизмеси жарыяланды
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти 5-8 ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел, жер көчкү жүрүшү божомолдонгон аймактардын тизмесин жарыялады: Чүй облусу: Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Кемин жана Панфилов райондору Ысык-Көл облусу: Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору Нарын облусу: Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондору Талас облусу: Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондору Жалал-Абад облусу: Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондору Ош облусу: Өзгөн, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Чоң-Алай жана Алай райондорун Баткен облусу: Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондору