SerepTV Logo

Сексуалдык кордук көргөн балдар. Кыргызстандагы статистика

Сексуалдык кордук көргөн балдар. Кыргызстандагы статистика
Кыргызстанда 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча балдарга карата көрсөтүлгөн 287 зомбулук фактысы катталган. Анын 71 учурунда сексуалдык маанайдагы аракеттер жасалган. Бул тууралуу балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова "Sputnik Кыргызстан" агенттигине билдирди. «287 зомбулук фактысынын 151 учуру кыздарга туура келет. Каттоого алынган жалпы фактынын 177синде балдар сабалса, 71инде сексуалдык кордук көрсөтүлгөн (63үндө кыздар жабыркаган). Ал эми психологиялык зомбулукка 36 бала кабылган», — деди Рысбекова. Анын айтымында, сабалган балдардын жаш курагы 8ден 14кө чейин болсо, сексуалдык кордук көргөндөр 15тен 18 жашка чейинкилер. Ал эми психологиялык зомбулукка 8ден 14кө чейинкилер туш болгон. «Жалпы зомбулук фактысынын 42 пайызында балдар туугандары же тааныштары эмес, чоочун адамдардан кордук көргөн. 32 пайызы ата-энесинен, 14 пайызы туугандарынан жабыркаган», — деди адис. Зомбулук фактысынын 48 пайызы бакубат жашаган, 39 пайызы начар жашаган бүлөлөргө туура келери айтылды.
Unknown Author