SerepTV Logo

Санкт-Петербургда үйдүн жер төлөсүнөн табылган кыргыз балдардын апасы бошотулду

Санкт-Петербургда үйдүн жер төлөсүнөн табылган кыргыз балдардын апасы бошотулду
Санкт-Петербургда жашы жете элек үч баланы кароосуз калтырган кыргызстандык келин бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалымат боюнча, 22 жаштагы келин ашпозчу болуп иштеп, балдарды жалгыз тарбиялайт. Жашы жете элек балдарды кошуналары таап, Тез жардам кызматын чакырып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Милиция кызматкерлери балдардын энесин таап, ата-энелердин жашы жете элек балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы боюнча протокол түзүп, аны бошотушкан. Азыр бир, үч жана төрт жаштагы балдарына ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Балдар ооруканадан чыккандан кийин аларды апасына өткөрүү маселеси каралат. “Келин маселе чечилери менен Кыргызстанга кетүүнү пландап жатат. Элчилик тез арада кете турган документ иштерин бүтүрүп берүүгө аракет кылат. Ошондой эле Санкт-Петербургдун диаспоралык структуралары аркылуу каржылык жардам чогултуу маселесин карайбыз”, - деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Орусиянын ЖМКлары Санкт-Петербург шаарынын Рижский проспектисиндеги №44 үйдүн жер төлөсүнөн 3 бала табылганын жазып чыгышкан.
Unknown Author