SerepTV Logo

Самидин Атабаев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды

Самидин Атабаев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды
Самидин Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол коюп, жамаатка тааныштырды. Самидин Атабаев буга чейин Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы кызматын аркалап келген. Өмүр таржымалы: Атабаев Самидин Абдираимович 1973-жылдын 27-декабрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында жарык дүйнөгө келген. 1981-жылы Өзгөн районуна караштуу «Комсомол» орто мектебине кабыл алынып, 1991-жылы бүткөн. 1991-1995-жылдары Бишкек шаарында жайгашкан «Азрети Умар» атындагы Кыргызстан Ислам институтун ийгиликтүү аяктаган. 1995-1996-жылдары Бишкек шаарында аскердик кызматын өтөгөн. 2002-2006-жылдары Казань шаарындагы Орусия Ислам университетин ийгиликтүү аяктаган. Мындан сырткары, 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүп, «юриспруденция» адистигине ээ болгон. Ошондой эле 2020-жылы КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтуна тапшырып, учурда аталган инситуттун аспиранты. Өзүнүн эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим каары» медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалоодон баштаган. 2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы «Имам аль-Бухарий» ислам институтунун окуу иштери боюнча проректору, 2010-2015-жылдары Өзгөн районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенген. 2015-жылдын 28-августунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү бош ваканттык орундар үчүн жарыяланган конкурстан ийгиликтүү өтүп, Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалган. Ал 6 жылдык казылык мөөнөтүндө руханий агартуу иштерине жигердүү аралашып, эл биримдиги, этностор аралык ынтымактын бекемделишине кызмат кылып, исламдын нукура, көөнө, салттуу дүйнө таанымы жана маданиятынын жайылышына салым кошкон. Үй-бүлөлүү. Эки уул, төрт кыздын атасы.