Салык кызматы салык карызын төлөгөндөргө 150 миллион сом туум жана санкцияны эсептен чыгарды
Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын август айынан тартып 2021-жылдын 1-мартына чейин салык карызынын негизги суммасын жойгон салык төлөөчүлөргө 150,4 миллион сом туум, санкция жана айып пулду эсептен чыгарды.
Салык төлөөчүлөрдөн карызды кайра түзүмдөштүрүүгө бардыгы болуп 3019 арыз келип түштү, 2568 субъект боюнча 150,4 миллион сом эсептен чыгарылды, алардын ичинен 121,5 миллион сом туумдар/пайыздар, 28,9 миллион сом салык санкциялары эсептен чыгарылды. Мында салык төлөөчүлөр 262,8 миллион сом салык карызынын негизги суммасын төлөштү.
Белгилей кетсек, мындай жеңилдик 2021-жылдын 31-декабрына чейин иштеген “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” мыйзамы менен берилип жатат.
Мыйзамга ылайык, төлөөчүлөр жана жарандар 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө 100 пайыз, ал эми карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөсө 50 пайыз туумдар, санкциялар жана айып пулдары эсептен чыгарылат.
Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл. Аталган өнөктүк салык төлөөчүлөрдүн финансы-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого алууга мүмкүндүк берет.