SerepTV Logo

Салык кызматы компанияларды алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоо боюнча пилоттук долбоорго чакырат

Салык кызматы компанияларды алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоо боюнча пилоттук долбоорго чакырат
Мамлекеттик салык кызматы компанияларды алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорго катышууга чакырат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Кыргызстандын аймагында 2020-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилген пилоттук долбоорго катышуу компанияларга өкмөттүн токтомуна ылайык өлкөнүн аймагында 2021-жылдын 1-июлунан тартып киргизилүүчү алкоголдук жана тамеки продукциясынын милдеттүү түрдө маркаланышына даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө долбоордо 17 компания, анын ичинде тамеки продукцияларын жүгүртүүнүн 5 катышуучусу жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана импорттоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн 12 субъект сунушталган. Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты «Текшер» системасынын https://main.teksher.kg сайтынан, ошондой эле Салык кызматынын маалымат борборунан акысыз 116 же 0 999 333 999 номерлери аркылуу алууга болот.
Unknown Author