SerepTV Logo

Салык кызматы жыл башынан бери дээрлик 47 миллиард сом салык чогултту

Салык кызматы жыл башынан бери дээрлик 47 миллиард сом салык чогултту
Быйыл алты ай ичинде өлкөдө 46 миллиард 969 миллион сом салык чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов билдирди. Анын айтымында, белгиленген план 2 миллиард 580 миллион сомго ашык аткарылган. «Республикалык бюджетке 37 миллиард 817,8 миллион сом, жергиликтүү бюджеттерге 9 миллиард 151 миллион сом жыйналды», — деди ал. Ал белгилегендей, быйыл алты айда салык былтыркы жылга караганда 13 миллиард көп чогултулду. Жыл аягына чейин 96 миллиард 700 миллион сом чогултуу пландалган.