SerepTV Logo

Салык кызматы декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алат

Салык кызматы декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алат
Салык кызматы 1-апрелге чейин Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Тактап айтканда, декларациялар 2021-жылдын 1-апрелине чейин, дем алыш күндөрдү кошкондо, эртең менен саат 9:00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алынат. Декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18:00дөн кийин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар. 1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү: - мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер; - жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр; - менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери; - юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар. Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Unknown Author