SerepTV Logo

Салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү жакындаганын эскертти

Салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү жакындаганын эскертти
Транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү жакындап калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 1-сентябрына чейин 4-топтогу (транспорт каражаты) мүлк салыгын, 2-сентябрына чейин турак үйлөр, батирлер (ишкердик максатта колдонулбаган) жана жер салыктарын (үй алдындагы, короо жай жана багбанчылык жер участоктору) төлөө зарыл. "Жарандар салык органына барбай эле төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасын тандай алышат. Акчаны каалаган банк мекемесинин кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм жана жеке-терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карталары же башка аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу төлөсө болот",- деп айтылат маалыматта. Салык кызматы бул боюнча толук маалыматты 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болорун эскертти.