SerepTV Logo

Салык кызматы 3 айда 21,7 миллиард сом салык жыйнады

Салык кызматы 3 айда 21,7 миллиард сом салык жыйнады
Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-март айларында 21 миллиард 743 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Белгиленген план 106,5 пайызга аткарылды же 1 миллиард 320 миллион сомго ашыгы менен жыйналды. 2020-жылдын 3 айына салыштырмалуу салыктар 4 миллиард 658 миллион сомго көп жыйналды. Ошол эле учурда, республикалык бюджетке 17 миллиард 100 миллион сом салык жыйналды, план 104,4 пайызга аткарылды же 717 миллон сомго көп чогултулду. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 3 миллиард 901 миллион сомго өстү. Жергиликтүү бюджетке 4 миллиард 643 миллион сом салык түштү, план 114,9 пайызга аткарылды же 603 миллион сомго ашыгы менен жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 757 миллион сомго көп жыйналды.
Unknown Author