Салык кодексиндеги өзгөртүүлөр: Декларацияны тапшыруудан кимдер бошотулду?
Салык кодексине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, айрымдар декларация тапшырбай койсо болот.
Алар:
- Мугалимдер, дарыгерлер, окумуштуулар;
- Чыгармачыл инсандар, жеке жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери;
- Пенсионерлер, студенттер жана башка категориядагы жарандар.
1-апрелге чейин декларация тапшырууга милдеттүүлөр:
- Жергиликтүү уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана мүлк салыгы боюнча милдеттенмелери жок уюмдардан тышкары);
- Кыргызстанда туруктуу мекеме түзүп, иш алып барган чет өлкөлүк уюмдар;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
1-майга чейин декларация тапшырууга милдеттүүлөр:
- Жеке ишкерлер;
- Патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иштеген жеке жактар;
- Чет өлкөдө эл аралык уюмда, дипломатиялык жана консулдук мекемеде иштеген Кыргыз жарандары;
- Салык салынуучу киреше алган жана киреше салыгы боюнча милдеттенмеси бар жеке жактар;