SerepTV Logo

Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында митинг өттү

Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында митинг өттү
Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун туугандары бүгүн, 25-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына чогулушту. Алар министрликте реформа жүргүзүүнү талап кылышууда. Митингдин катышуучуларынын айтымында, алар министрликте болуп жаткан адилетсиздикке нааразы. «Биз Саламаттыкты сактоо министрлигинде реформа болушун , ден соолугубузду ишенип тапшыра турган адамдардын келишин каалайбыз. Протоколду бизден жашырган бардык чиновниктердин жазаланышын талап кылабыз», - дешти алар. Өткөн аптада ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү пандемия учурунда мамлекеттик органдардын ишин иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялашкан. Алар ковидди дарылоонун үчүнчү протоколу кечиктирилгенин айтышкан болчу.
edita