Саламаттыкты сактоо министри коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Бүгүн, 29-мартта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцина алды. Эмдөө №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда жүргүзүлдү.
Эмдөө алгандан кийин ал өзүн жакшы сезип жатканын билдирди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып “биз Гипократтын антын бергенбиз. Өзүбүз алдыңкылардан болуп үлгү көрсөтүшүбүз керек”,- деди министр.
Белгилей кетсек, Кыргызсатнга Кытай 2 миллион дозадагы Синофарм вакцинасын бекер берген. Эмдөөнүн биринчи баскычында дарыгерлер, улгайган адамдар сыяктуу тобокел тобундагы кишилер биринчи эмделери айтылган.
29-мартта биринчи дозаны министрден башка анын орун басарлары, бир катар дарыгерлер алышты.