Сакал эктирүү учурунда каза болгон дарыгердин ата-энесинин кечиримин алган хирургдар эмне дешет?
Бишкекте жеке клиникада сакал эктирүү үчүн операция жасатып жаткан маалда 30 жаштагы хирург-флеболог Элдос Турсунбеков күтүүсүз каза болгон. Окуядан 15-20 күн өткөндөн кийин маркумдун жакындары SEREPTV телеканалына кайрылып, “Уулумдун өлүмүнө себепкер болгон хирургдарды Алланын ыраазычылыгы үчүн кечирдик. Дагы бир үй-бүлөнүн баласы тирүүлөй жетим калбасын” дешти.
"Элдостун ата-энесине бала болууга даярбыз. Аяш атам менен аяш апам дин жолунда жүргөн адамдар. Жаман окуяны душманыңа да каалабайсың. Ата-энеси, жубайына миң мертебе ыраазыбыз. Кечиримдүү болушту. Өмүр бою кызмат кылууга даярбыз",- деди дарыгерлердин бири.
https://youtu.be/z3r8oeFbvXA