SerepTV Logo

Сахалинде тамакка ууланган кыргызстандыктардын абалы жакшы

Сахалинде тамакка ууланган кыргызстандыктардын абалы жакшы
Орусиянын Сахалин аймагында тамакка ууланган 12 кыргызстандыктын абалы жакшы. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 7-майда Түштүк-Сахалиндеги кыргыз консулу оорукананын жетекчилиги менен сүйлөшкөн. Дарыгер уулануу фактысын тастыктап, саламаттыгына чоң коркунуч жоктугуна байланыштуу медициналык жардам көрсөтүлгөндөн соң бейтаптар үйгө чыгарылганын билдирген. Окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн материалдар прокуратурага жана "Роспотребнадзордун" Сахалиндеги башкармалыгына өткөрүп берилген. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуяны көзөмөлүнө алган.