Садыр Жапаровдун тапшырмасынан кийин министр дароо кеңешме өткөрдү
Бүгүн, 14-июнь күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков аппараттык онлайн кеңешме өткөрдү. Анда негизги тема катары президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүү тууралуу тапшырмасын аткаруу маселелери каралды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Чогулуштун жыйынтыгы менен министр ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти жана коопсуздуктуу камсыз кылуу багытында 6 тапшырма койду. Алар:
- Коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугуна терс таасирин тийгизе турган учурларды алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары уюштурулсун;
- Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда милициянын кайгуул иштери күнү-түнү иш алып барсын;
- Жайкы туристтик мезгил башталгандыктан жер-жерлерде коомдук тартипти камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу, жарандарга жана чет элдик жарандарга туура мамиле жасап, сервистик тейлөө көрсөтүүлөр сапаттуу жүргүзүлсүн;
- Аба ырайынын кескин түрдө ысып кеткенине байланыштуу жарандардын анын ичинде жаш балдардын сууга чөгүп кетүүлөрүнө бөгөт коюу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттөр, айыл башчылар, өзгөчө кырдаалдар кызматтары менен бирге алардын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлсүн;
- Ички иштер органдарынын кызматкерлери бардык жарандарга, анын ичинде чет элдик конокторго сылык мамиле жасап, милициянын адептүүлүгүн көрсөтүп, мыйзам чегинде жүктөлгөн милдеттери аткарылсын;
- Аталган талаптардын бардыгы күнүмдүк нускамаларда өздүк курамга жеткирилип, кызматкерлер арасында мыйзамдарга жана тартип бузууларга жол берилбесин.