Садыр Жапаровдун "Саясаттагы 10 жыл" китебинин уландысы чыгышы мүмкүн
"Саясаттагы 10 жыл" китебинин уландысын жаза баштадым. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Российская газета» гезитине берген маегинде билдирди.
Маекте журналист президенттен: "Буга чейин жазылган "Саясаттагы 10 жыл" китебиндеги бир нерселерди өзгөрткүңүз келеби?",- деп сурады.
«Саясаттагы 10 жыл» китебин 2014-жылы Польшада жүргөндө жазгам. 2017-жылы Мекениме кайтып келгенден кийин, мени саясий себептер менен түрмөгө камашты. Ошол учурдан баштап мен бул китептин уландысын жаза баштадым. Ошондон бери көптөгөн саясий окуялар болуп өткөндүгү талашсыз, алар жаңы китепте чагылдырылат. Бул абдан кызыктуу болот деп ойлойм. Тилекке каршы, учурда бош убакыттын жоктугунан аны аягына чейин чыгаруу мүмкүн болбой жатат. Бирок Кудай буюрса, мен анын үстүнөн иштеп, сөзсүз бүтүрөм",- деди ал.