SerepTV Logo

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү марафондун ачылышына катышты (сүрөт)

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү марафондун ачылышына катышты (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафонго старт берди. Мамлекет башчысы XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалады. Президент 2020-жылдын аягында Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону «квалификациялык» деп таанылганын, марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилерин баса белгиледи. Мамлекет башчысы 2021-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына киргендигине токтолду. Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт. «Бул марафондо күчтүүлөр жеӊсин! Эӊ чоӊ жеӊиш — бул сиздердин катышканыӊыздар! Бардыгыӊыздарга ийгилик!» — деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="46330,46331,46332,46333,46334,46335"]