SerepTV Logo

Садыр Жапаров: "Үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө кыргыз тилинде сүйлөшөбүз"

Садыр Жапаров: "Үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө кыргыз тилинде сүйлөшөбүз"
Жубайым жөнүндө айта турган болсок, ал биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле, орус тилинде эркин сүйлөйт. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Российская газета» гезитине берген маегинде билдирди. Маектин журушүндө журналист президентке: "Орусия сиздин улуттун кызыкчылыгын көздөгөн лидер катары кадыр-баркка ээ болгонуңузга карабастан, премьердин милдетин аткарууга бир убакта орус талапкерди дайындаганыңызга, өлкөгө Москвадан орус тили мугалимдерин жиберүүсүн суранып, орус тилинин расмий тил статусун сактап калууну жактап жатканыңызга көңүл бурду. Сиздин жубайыңыз орус тилин билеби жана үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?",- деген суроо берди. "Баарынан мурда, мен төмөндөгүлөргө токтоло кетейин. Сиздер билгендей, Кыргызстан өлкөнүн Конституциясында жана мыйзамдарында орус тилинин статусун расмий бекиткен мурдагы Советтер Союзунун курамындагы бир нече өлкөлөрдүн бири. Орус тили Кыргызстандын жашоо-турмушунун бардык тармактарында, медиа чөйрөсүндө, билим берүү системасында, саламаттыкты сактоодо жана өлкөнүн маданий турмушунда колдонулат. Кыргызстан үчүн орус тили, биринчи кезекте, орус маданиятынын казынасына, Россиянын илимий-техникалык жетишкендиктерине жетүүнүн ачкычы, ошондой эле улуттар аралык баарлашуу жана биздин өлкөлөр менен элдерибиздин маданияты, тарыхы, каада-салттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Эгерде менин жубайым жөнүндө айта турган болсок, ал биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле, орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз",- деди президент.
edita