SerepTV Logo

Садыр Жапаров Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду

Садыр Жапаров Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Кайрылуунун тексти: «Урматтуу афган согушунун катышуучулары! Салтка айланып калгандай эле, биз ар жылдын 15-февралында афган жериндеги согушта курман болгон интернационалист жоокерлерди эскерүү күнүн белгилейбиз. Афган согушу 9 жыл 1 ай 19 күнгө созулган. Бул жылдарда Афганистанда Советтик армиянын 620 миң аскери, алардын ичинде жети миңден ашуун кыргызстандыктар өз милдетин өтөшкөн. Кайратмандыгы, эрдиги жана каармандыгы үчүн эки жүз миңден ашык аскер кызматчылары, жумушчулар жана кызматчылар СССРдин орден, медалдары менен сыйланышкан. 66 аскер кызматчысы "Советтер Союзунун баатыры" наамына татыктуу болушкан. Алардын ичинде биздин эки жердешибиз Сергей Гущин менен Юрий Исламов да бар. Интернационалист жоокерлер согушуп эле тим болбостон Афганистанды калыбына келтирип, азык-түлүк, медициналык каражаттар менен камсыздап, социалдык объекттерди курушкан. Афганчы-жоокерлер бүгүн дагы өзүнүн жарандык милдеттерин ар намыстуулук менен аткарып, өлкөбүздүн ардагердик кыймылынын өнүгүшүнө салымдарын кошуп келишет. Алар өздөрүнүн куралдаш жолдошторуна жардам көрсөтүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарып, патриоттук иштерди алып барып, Мекенди коргоочулардын жаш муунун даярдап жатышат. Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Афганистандан чыгарылышынын 32 жылдыгына карата бардык интернационалист ардагерлерге, алардын туугандарына жана жакындарына бекем ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалайм».
edita