SerepTV Logo

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасына Тибеттеги жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасына Тибеттеги жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Тибеттеги жер титирөөдөн улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Кытайдын Тибет автоном районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адам каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм. Ушул оор мезгилде биз орду толгус жоготуунун азабын бөлүшөбүз", - деп айтылат телеграммада.