SerepTV Logo

Садыр Жапаров район акимдерине 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды

Садыр Жапаров район акимдерине 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды
Президент Садыр Жапаров президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды.  Бул тууралуу бүгүн, 13-августта мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. «Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды», - деди ал.