Садыр Жапаров Ош шаарына бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом караларын айтты
"Урматтуу шаардыктар, бабалар калтырган, дүйнө эли суктанган шаарыбызды бапестеп сактап, өнүктүрө берели. Быйыл сыймыктуу Ош шаарыбызга республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом акча каражаты каралып, ага шаардын 11 көчөсү, тротуарлары, жашыл аймактары менен кошо капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Жол оңдоочу техниканын эскилиги жеткен экен, тиешелүү техника сатылып алынат.
Биримдиги, байгерчилиги жана меймандостугу менен айырмаланган Ош шаарын мындан ары өркүндөтөлү! Ал эми жалпы Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүнүп берилди. Бул каражатка облустагы 3 стратегиялык автожол: Өзгөн – Мырза-Аке - Кара-Кулжа, Ош-Баткен-Раззаков авто жолунун Ноокат - Кызыл-Кыя бөлүгү жана Ош - Кара-Суу автожолу оңдолмокчу", - деди өлкө башчысы.