Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге эмне белек алып барган?
Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге кылыч белек кылды. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Российская газета» гезитине берген маегинде билдирди.
Анын жүрүшүндө журналист Кыргызстанда дагы, Орусиядагыдай конокко куру кол барышпарын айтты.
«Мен Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Бул кылычты Кыргызстандагы мыкты усталар жасаган»,- деп жооп берди президент.