SerepTV Logo

Садыр Жапаров Ооган элине көңүл айтты

Садыр Жапаров Ооган элине көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Ооганстандын Кунар провинциясында болгон жер титирөөдөн улам көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштуу Ооган элине жана жетекчилигине көңүл айтты. Буга чейин Ооганстандын чыгышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөөдөн 800дөн ашуун адам каза болуп, 2800дөй киши жаракат алганы маалым болгон. Жер титирөөнүн очогу жайгашкан Кунар провинциясы олуттуу зыянга учураган.
edita