SerepTV Logo

Садыр Жапаров мугалимин кеңешчи кылып дайындады

Садыр Жапаров мугалимин кеңешчи кылып дайындады
Букуев Медетбек Омошевич президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда президенттик аппараттан билдиришти. Медетбек Букуев профессор, 65 жашта. Учурда Кыргыз улуттук университетинде иштейт. Кыргызстандын мини-футбол ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын тизмесинде 33-орунда шайлоого катышкан. Буга чейин Букуев Садыр Жапаров тууралуу тартылган документалдык фильмде Дене-тарбия институтунда аны окуткан мугалим катары комментарий берген болчу.
edita