Садыр Жапаров Кыргызстан менен Ирандын курама командаларынын футбол беттешине барды
Президент Садыр Жапаров кечээ, 19-ноябрда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын улуттук курама командаларынын ортосундагы футбол беттешин көргөнү барды.
Беттеш 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун алкагында өттү. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Иранга 2:3 эсебинде утулуп калды.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="260809,260807,260808,260810,260815"]