Садыр Жапаров Каракол шаарынын тургундарына 420 жаңы батир тапшырды
"Бүгүн, 8-августта президент Садыр Жапаров Каракол шаарынын тургундарына 420 жаңы батир тапшырды. Бул Ысык-Көл облусунда алгач ирет Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулган турак жайлар болуп, “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн жаңы жашоонун башталышы болду". Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына жазды.