SerepTV Logo

Садыр Жапаров жубайы менен Будапешт шаарына барды

Садыр Жапаров жубайы менен Будапешт шаарына барды

Президент Садыр Жапаров 20-майда иш сапары менен Будапешт шаарына барды.

Мамлекет башчынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду.

Жапаровду Мажарстандын министри - премьер-министринин Канцеляриясынын башчысы Гергей Гуйяш жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, анын боюнда ардактуу караул тизилген. Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="285567,285568,285569,285570,285571"]