SerepTV Logo

Садыр Жапаров иш сапарын жыйынтыктап, Москвадагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар койду

Садыр Жапаров иш сапарын жыйынтыктап, Москвадагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар койду
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда Орусияга болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Москва шаарындагы Кремль дубалынын алдындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылды. Андан соң оркестр Кыргыз Республикасынын гимнин жаңыртты. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү дагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюшту.
edita