SerepTV Logo

Садыр Жапаров иш сапары менен Будапештке барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Будапештке барат

Президент Садыр Жапаров 20-21-майда Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн Будапештке иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Уюмдун байкоочу өлкөсү - Мажарстанда биринчи жолу өткөрүлө турган бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталат.