Садыр Жапаров Ирактан алынып келинген балдардын абалы менен таанышты. Фото
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта, Ирактан алынып келинген балдардын абалын көрүүгө барды.
Мамлекет башчысына 16-мартта «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан кайтарылган 79 бала Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жеткирилгенин, алардын ичинде 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек бала, 41 кыз бар экени тууралуу маалымат берилди.
"Борбордо балдар үчүн бардык шарттар камсыздалган. Аларга төрт маал тамак берилип турат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү алардын коопсуздугун камсыз кылышат. Тийиштүү адистер аларды бара-бара туугандарына өткөрүп берүү үчүн кайрадан коомго аралаштырып, кадимки жашоосуна кайтаруу боюнча иш алып барышат. Учурда алар коопсуз жашоого кайтуу үчүн реабилитациялоо курсунан өтүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы мекеменин имараты, жатакана бөлмөлөрү, ашкана менен таанышып, балдарга кандай тамактар берилерин көрүп чыкты.
Мекеменин тарбиячылары менен баарлашып жатып президент балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи.
Ал тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн балдарды толук кандуу коопсуз жашоого кайтаруу боюнча реабилитациялоо жана реинтеграциялоо, ар бир бала үчүн балдарды коргоонун жеке планын түзүү жана балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо иштерин күчөтүүгө бурду.
Ошондой эле Садыр Жапаров бардык кепилденген мамлекеттик кызматтарды алууда балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүү зарылдыгына токтолду.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="28368,28369,28370,28371,28372"]