Садака-битирдин өлчөмү белгилүү болду
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2025-жылдагы садака-битирдин өлчөмүн бекитти.
Муфтият Кыргызстандагы мусулмандар үчүн садака-битирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун төмөнкү тартибин бекитет:
Садака-битир ар бир жан башына - буудай, ун жана мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай баасынын өлчөмү берилет. "Садака-битир берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел", - деп жазылат маалыматта.
Кыргызстанда Орозо айы 1-марттан башталат.