Саат 9:30. Чек ара кезметтери кыргыз-тажик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө
1-май саат 09:30га карата маалымат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Өткөн түнү чыр-чатактар жана ок атуулар катталган эмес.
"Чек ара кезметтери бардык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө. Тараптар кошумча күч жана каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан өз аймактарына ичкери тартып кетишти. Кыргызстандын жана Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун офицерлерлер курамынан турган комиссия буга чейин кошумча күч жана каражаттар турган аймактарды кароодон өткөрүү ишин улантууда",- деп айтылат маалыматта.
УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.