Саат 9:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат
УКМКдан Чек ара кызматы Баткен облусунун Дахма аймагында түн тынч өткөнүн маалымдашты.
Кечээ, 1-декабрда саат 23:30да Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү жүргөн. Жолугушуда Тажик тараптан 7-8 жолу атылган ок боюнча окуя талкууланган.
Жыйынтыгында, коомдук коопсуздуктуу камсыз кылуу үчүн бүгүнтөн баштап чек ара аймагында эки өлкө тең күзөт жүргүзөт. Саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.