SerepTV Logo

Шайлоо тилкелеринде 3 миңдей милиция кызматкери коомдук коопсуздук көзөмөлдөйт

Шайлоо тилкелеринде 3 миңдей милиция кызматкери коомдук коопсуздук көзөмөлдөйт
Бүгүн, 11-июль саат 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо башталды. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, үч шаардагы шайлоого аттанган партиялардан 2 миң 204 талапкер көрсөтүлгөн, 121 талапкер депутаттык мандатын алат. Бишкекте 18, Ошто 8, Токмокто 6 партия катышууда. Шайназаров шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту 3 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөй турганын белгиледи. Шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо кечки саат 20:00гө чейин уланат.
Unknown Author