Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу
Бүгүн, 4-июнь саат 14:00гө карата Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Тиешелүү кызмат адамдары аталган аймакта кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык чараларды көрүп жатышат. Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда",- деп айтылат маалыматта.