Саат 13:00гө карата чет өлкөлөрдө 1 миң 505 шайлоочу добуш берди
Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары чет өлкөлөрдө уюштурулган 55 шайлоо участогунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо уланууда. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Убакыт боюнча айырмачылыкты эске алуу менен, Улуу Британияда (Лондон шаары) жана АКШда (Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго шаарларында) түзүлгөн шайлоо тилкелеринде добуш берүү кеч башталат. "COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясына байланыштуу бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өтүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы убакытка карата добуш бергендердин саны 1 миң 505 Кыргыз жаранын түздү. Министрлик учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган мекендештерди активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө жана конституциялык шайлоо укугун ишке ашырууга чакырды.