SerepTV Logo

Рысбек Альчиев Башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды

Рысбек Альчиев Башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды
Альчиев Рысбек Карагулович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин бул кызматты Жамиля Жаманбаева аркалап келген.
edita