SerepTV Logo

Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды

Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мукамбетов Руслан Мустафаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, коргоо министри болуп дайындалды. 16-апрелде Руслан Мукамбетов өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар коргоо министринин кызмат ордуна Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин карап, жактырышкан.