SerepTV Logo

Республикалык штаб: "Өлкөдөгү ооруканаларда коронавирус менен ооругандарга орундардын, дарылардын жетишерлик кору бар"

Республикалык штаб: "Өлкөдөгү ооруканаларда коронавирус менен ооругандарга орундардын, дарылардын жетишерлик кору бар"
Өлкө боюнча ооруканаларда коронавирус менен ооруган бейтаптарга жетишерлик орун, жеке коргонуу каражаттарынын жана дары дармектин керектүү кору бар. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, 8-июлга карата республика боюнча 78 бейтапканада жалпысынан 5 миң 856 орун каралган, анын ичинде интенсивдүү терапия бөлмөлөрү – 455. "Бишкек шаары боюнча коронавирустук инфекция менен бейтаптарды кабыл алуу үчүн 2 миң 152 орун каралган, анын ичинде интенсивдүү терапия бөлмөлөрү – 163. Бишкекте башка региондорго салыштырмауу инфекциянын жаңы учурлары көбүрөөк болгондуктан адистер ар 2 саат сайын койко-орундар фондуна мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда кошумча дагы 190 орун, анын ичинде 30 реанимациялык орундарды ачуу пландаштырылган. Аймактарда коронавирус менен бейтаптарды кабыл алуу учун орундар жетиштүү", - деп айтылат маалыматта. ? Ошондой эле республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын маалыматы боюнча, 30-июнга карата дары каражаттарынын кору 317,7 миллион сомду түздү. "Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин маалыматы боюнча республикадагы дарыканаларда коронавирустук инфекцияны дарылоо үчүн жетишерлик деңгээлде дары-дармек жана медициналык каражаттар бар", - дешти.