Республикалык штаб жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырат
Коронавируска каршы республикалык штаб жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырат. Штаб эпидемиологиялык кырдаалдын начарлап жатышына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди тыкыр сактоону өтүнөт.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 21-июнга карата коронавирус дагы 585 адамдан аныкталды. Анын ичинде 353 киши Бишкек шаарында катталган. Ал эми сутка ичинде 360 адам илдеттен сакайса, 6 бейтап көз жумган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 115 миң 615 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 105 миң 410 киши айыгып чыкса, 1 миң 937 адам каза болду.