SerepTV Logo

РЕН ТВ Кыргызстандан эфирге чыгууга тыюу салган эч кандай маалымат албаганын билдирди

РЕН ТВ Кыргызстандан эфирге чыгууга тыюу салган эч кандай маалымат албаганын билдирди
РЕН ТВ Кыргызстандын тийиштүү органдарынан эфирге чыгууга тыюу салган эч кандай маалымат албаганын билдирди. Бул тууралуу маалымат аталган телеканалдын сайтында жарыяланды. Телеканалдын билдирүүсүнө ылайык, анын Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы ишмердүүлүгү такай жергиликтүү мыйзамга ылайык жүргүзүлүп келген жана кырдаалды териштирет. Буга чейин Маданият министрлиги маалымат таратып, «РЕН ТВ» телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чугууну токтоторун билдирген.