Жактоочу: "Рейхан Инандынын абалы түнү начарлап кетти. Ал бүгүн митингге чыга албайт"
"Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инандынын абалы түнү начарлап кетти, ал бүгүн митинг уюштурбайт". Бул тууралуу алардын үй-бүлөлүк жактоочусу Таалайгүл Токтакунова соцтармактагы баракчасында билдирди.
“Рейхан айымдын ден соолугунун абалы жакшы эмес. Жоголгонуна бир ай болгон жолдошун сүрөттөн көрүп, кадрдан эле анын кандай азап чеккенин байкоого болот. Ошондон улам да, Орхан Инандынын жубайынын бүгүн аянтка келүүгө алы жок. Баарынан да моралдык жактан чоң сокку болду. Биздин чоң чиновниктерибиз анын үйүнө кайтып келерине ишендирип, кайсы бир окуялар үчүн убакыт керектигин, ага дейре ызы-чуу кылбай, бир канча күн күтө турууга ынандырышкан эле. Ал чиновниктерге ишенип жаткан. Бирок бул акыркы күн эмес жана алдыда андан оор күндөр күтүп турат. Орхан Инандынын жубайы кол куушуруп отуруу ниети жок”, - деп жазган жактоочу.
Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган «Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгенин билдирди. Ал 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан.