SerepTV Logo

Референдумга үгүт топторунун иши боюнча жумушчу топ түзүлдү

Референдумга үгүт топторунун иши боюнча жумушчу топ түзүлдү
Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-марттагы жыйынында Кыргыз Республикасынын референдумуна үгүт топторун каттоо жѳнүндѳ арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобун түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Жумушчу топ тѳмѳндѳгү максатта түзүлгѳн: - референдумда үгүт процессине жарандардын мыйзамдуу жана тең укуктуу катышуусун камсыз кылуу; - референдумдун катышуучуларын маалымдоону камсыз кылуу; - ошондой эле референдумдун катышуучуларынын башка конституциялык укуктарын сактоо жана жүзѳгѳ ашыруу кепилдиктерин камсыз кылуу.
edita