SerepTV Logo

Референдумдун бюллетендерди 1-апрелге чейин даяр болот

Референдумдун бюллетендерди 1-апрелге чейин даяр болот
11-апрелге белгиленген жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга бюллетендер 1-апрелден кечиктирилбей даярдалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календардык планда айтылат. Мекеменин маалыматына ылайык, бюллетендин текстти бир гана суроону камтыйт. Баш мыйзамдын сунушталып жаткан жаңы долбооруна макул же каршы делген. Ал 22-мартка чейин бекитилиши керек. Ошондой эле шайлоо участоктору, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү мекендештер үчүн бюллетендер 9-апрелге чейин даярдалат. Ал эми жымжырттык күнү - 10-апрелде болот деп көрсөтүлгөн. 11-мартта Жогорку Кеңеш жаңы Конституция боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. 12-мартта президент Садыр Жапаров референдумду дайындоо боюнча мыйзамга кол койгон.
Unknown Author