Референдум боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.
Жыйынга катышкан 96 депутаттын 87си документти колдоп, тогузу каршы добуш беришти. Долбоор парламенттин жыйынында талаш-талкуу менен коштолду.
Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев, Жанарбек Акаев, Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев жана башка бир катар депутаттар Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору деп айтылган 80ден ашуун депутаттын аты-жөнүн ачыкка чыгарууну талап кылышты.
Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат.
Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда. Ал эми эл өкүлдөрү тарабынан "президент бардык иштерге жетишпейт. Демек, анын иши сапатсыз болот" деген ойлор да айтылды.